Жалал-Абадда мыйзамсыз курал көтөрүп жүргөн 5 адам кармалды

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз курал көтөрүп жүргөн 5 адам кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Беш-Таш айылында 27-март күнү 5 Кыргыз жараны мыйзамсыз куралдарды алып жүрүп колго түшкөн. Алгач эки жаран 12-калибрлүү сайсыз ок атуучу куралы жана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү курал менен 1 ок жана өз алдынча жасалган 3 ок менен колго түшкөн. Текшерүү учурунда тийиштүү документтери жок болуп чыккан. Суракка алган учурда балык уулоого келгенин айтышкан. Андан кийин 3 адам SARSILMAZ 12-калибрлүү сайсыз ок атуучу куралы, 25 атайын ок жана 4 колго жасалган ок менен колго түшкөн. Алар аң уулоого чыгышканын айтышкан, бирок мергенчиликке тийиштүү документтери болгон эмес.

Аталган иш боюнча тийиштүү документтер толтурулуп, алынган курал-жарактар УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилгени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан