18-июнга карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат

18-июнда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:

Чүй облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн + 8...+13°C

Талас облусунда күндүз + 20...+25°C, түнкүсүн + 7...+12°C

Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз + 21...+26°C, түнкүсүн + 11...+16°C

Баткен облусунда күндүз + 21...+26°C, түнкүсүн + 9...+14°C

Ысык-Көл облусунда күндүз + 12...+17°C, түнкүсүн + 6...+11°C

Нарын облусунда күндүз + 12...+17°C, түнкүсүн + 4...+19°C

Бишкек шаарында күндүз + 22...+24°C, түнкүсүн + 10...+12 °C

Борбор шаарда түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан