Бүгүн, 17-июнда “ата журтчу” депутаттардын акыркы соттук отуруму болуп, камактагы 3 депутатка карата өкүм чыгарылды. Анда “2012-жылдын 3-октябрында болгон митингди уюштурган” деп айыпталып жаткан 3 депутат акталды. Өкүм окулуп бүткөн соң “Тергөө учурунда одоно мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн башкы прокурор Аида Салянованын ишмердүүлүгүнө президенттин көңүлү бурулсун” деген жай аныктаманы окуду судья Курманкул Зулушев.