"Ош шаарындагы көчөлөрдүн бирине башы жарылып, кийимдери булганган, кыйналган адамды унаадан таштап кетишти", - деп жазды окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу.
Анын билдирүүсүнө ылайык, окуя кечээ, 29-мартта кечке жуук болгон.
"Биз жолдун берки бетинде турганбыз. Биздин тушубузга бир унаа токтоп, кайра жүрүп кеткен. Андан кийин эле бул кишини көрүп калдык. Көрсө ошол унаа түшүрүп кетиптир. Жанына барсак көз айнегин издеп жатыптыр, биз чыла суудан көз айнегин таап бердик. Бул адамдын башы жарылып, канап жатты. Кийимдери булганган. Жанында куралдуу күч түзүмүнүн өкүлдөрүнүн формасындагы погон жатыптыр. Ал кишиден сураганыбызда "анын погонун жулуп алыптырмын" деп айтты" , - деп жазды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.