18-июнда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкекте Тынчтык проспектисиндеги №80-көп кабаттуу үйдө, Таш-Көмүр көчөсүндөгү №211-212-көп кабаттуу үйлөрдө, Оренбургский, Кара-Көл, Горький, Кулатов көчөлөрүндө, Манас проспектисинде, Фрунзе, Кара-Суу көчөлөрүндө, Гагарин, Поваринский көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Ошондой эле саат 10:00дөн 15:00гө чейин борбордун Сыдыков көчөсүндөгү №258-көп кабаттуу үйүндө, саат 14:00дөн 17:00гө чейин Ынтымак жаңы конушунда электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, электр энергиясынын убактылуу өчүүсүнүн себеби тармактардагы алдын алуу иштерге байланыштуу болмокчу.