Өкмөткө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отуруму болду

 17-июнда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында өкмөткө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин кезектеги отуруму болду. Аны ачып жатып Жоомарт Оторбаев кеңештин жигердүү иштеп жатканын белгилеп өттү. Кеңештин чечимдеринин аткарылышы тууралуу сөз кылып, биринчи вице-премьер-министр жеке сектор тарабынан реформалардын жай жүрүп жаткандыгы боюнча сындар көп айтыларын белгиледи. “Сын-пикирлер көңүл сыртында калбайт. Чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө маселеси өкмөттүн отурумунда да каралды”,- деди Оторбаев. Кеңештин отурумунун жүрүшүндө кирешеден алынуучу салыктар, тоо кен казуу тармагын, лыжа туризмин өнүктүрүү, курорттук-ден соолук чыңдоочу мекемелерге салык салуу жана Кыргызстанга ташылып кирген дары-дармектердин калдыктарына кошумча баа салыктарын салуу маселелери боюнча мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан