Бүгүн, 31-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү өзү баштаганын айтып, учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду коррупцияга каршы сүйлөгөндө документтерди карап сүйлөөгө чакырды. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешиндеги коррупцияга каршы сүйлөгөн сөздөрүндө өткөн жылда башталган Атамбаевдин аракеттери айтылбай калганын белгиледи.
“Азыр Атамбаев акыркы үч жылда коррупция менен күрөштү жүргүзгөн эмес деген сөздөр айтылып жатат. Учурдагы чуулгандуу коррупциялык чоң иштер Атамбаевдин тушунда башталган. Кошумча нарк салыгы боюнча 800 миллион сом салыкчыларга иш козголушу тууралуу өткөн жылы апрель айында УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ошол кездеги жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараевге тапшырылган. Анын натыйжасында 2017-жылы август айында биринчи этапта кылмыш белгилери аныкталган. Бүгүн силер билесиңер, азыр аларга айыбы угузулду.
Өткөн жылы бажы тармагындагы схемалардан, коррупциянын кесепетинен бюджетке 10 миллиард сомдой түшпөй калган. Ошондуктан өткөн жылы өкмөт башчы Сапар Исаковго мен сунуш берип, ал 23-ноябрда бажы тармагындагы "серый кардинал" болуп алган Раим Матраимовду жумуштан алды.
Ал эми февраль айындагы Коопсуздук кеңешинде бажы тармагындагы схемалар тууралуу бир да сөз айтылган жок. Баары жүзүн башка тарапка буруп бара жатат. Ошондуктан президентке берилген документтерге көңүл бурулушу керек. Президент өзү да аны карашы керек”, - деди Атамбаев.