Тбилисиде өтүп жаткан дзюдо боюнча мелдеште Кыргыз спортчу Адилет Ганиев алгачкы беттеште жеңилүү ызасын тартты

Бүгүн, 31-мартта Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча "Tbilisi Grand Prix 2018" мелдешинде Кыргыз дзюдочу Адилет Ганиев алгачкы беттеште жеңилүү ызасын тартып, медалдар үчүн күрөштү токтотту.

Адилет Ганиев 73 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкө чыкты. Ганиев күрөштү жарым чейрек финалдык беттештен баштап, өзбекстандык Гиёсжон Бобоев менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Бобоев Кыргыз дзюдочунун далысын татамиге тийгизип, жеңишти илип кетти.

Бүгүн дагы бир Кыргыз спортчу татаминин үстүнө чыкмакчы. Анда 81 килограммга чейинки салмак ченинде Владимир Золоев франциялык Жонатан Аллардон менен беттешмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан