Иса Өмүркулов тиешелүү шаардык кызматтарга жолдордо тартиптин сакталышын камсыз кылуу боюнча тапшырма берди
Шаар башчысы Иса Өмүркулов тиешелүү шаардык
кызматтарга жолдордо тартиптин сакталышын камсыз кылуу боюнча тапшырма берди.
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. “Шаардын жолдорунда катташкан
муниципалдык, жеке унаа айдоочулары тарабынан жол эрежелери сакталбайт. Жүргүнчүлөрдү
тейлеген кичи автобустар туш келген жерге токтой беришет, тейлөө маданияты өтө
төмөн, аялдамаларда бир нече катарга тизилишип, жол кыймылына жолтоо кылышат.
Шаардык МАИ кызматы жолдордо тартипти камсыз кылууга үлгүрбөй жатат”,- деди Өмүркулов. Мындан тышкары унаалардын техникалык абалына өзгөчө көңүл
буруу зарыл экенин да белгиледи. Шаар тургундарынын көптөгөн кайрылуулары
боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөөчү автобустардын жүрүү графигин сактоо боюнча
рейддерди уюштуруп туруу тапшырмасы берилди.