Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында болгон үлпөт тойдон кийин тамакка ууланып ооруканага түшкөн адамдардын саны 42ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дагы 4 адам "Ала-Тоо" ресторанында болгон үлпөт тойдон кийин тамакка ууланышканын айтып Чолпон-Ата аймактык ооруканасына кайрылышкан. Алар ооруканага жаткырылып дарыгерлер көзөмөлдөшүүдө.
Айта кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен үлпөт тойдон кийин тамакка ууланып, 38 адам ооруканага түшкөнүн кабарлашкан.