Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанындагы үлпөт тойдун коноктору тоок же балык этинен ууланганы божомолдонууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов билдирди.
"Алдын ала божомол боюнча уулануу тоок жана балык этинен болгон деп жатабыз. Учурда тамак-аш калдыктарын алып экспертизага жибердик. Анын жыйынтыгы эртең же бүрсүгүнү анык болот. Ошондо бул тууралуу так маалыматты беребиз. Ал эми ресторанга карата керектүү чаралар көрүлөт", - деди Буюклянов.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында болгон үлпөт тойдон кийин тамактан ууланып 50дөн ашык адам ооруканага түшкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген.