Орусиядагы Кемерово облусунун губернатору Аман Тулеев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Орусиянын президенти Владимир Путин анын кызматтан кетүү боюнча жазган арызын кабыл алып, аталган кызмат ордун убактылуу жетектөө милдетин вице-губернатор Сергей Цивилевге жүктөдү. Бул тууралуу 1-апрелде орусиялык ЖМКлар жазды.
Тулеев 1-апрелде жарыялаган видео кайрылуусунда облус башчылыгынан кетүүсүнө “Зимняя вишня” соода борборундагы 64 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы себеп болгонун, бул окуядан кийин кызматта калууга моралдык укугу жоктугун түшүндүрдү. Тулеев аталган облусту 1997-жылдан бери жетектеп келген.
Белгилей кетсек, 25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" деген соода борборунан өрт чыгып, 64 адам каза болгон. Анын ичинен 41и жаш балдар болушкан. Мындан кийин Орусиянын Тергөө комитети соода борбордун башкы директорун камакка алган.