Өкмөт өлкөдө канча мектеп окуучусу чатырда окуп жатканын билбейт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 2-апрелдеги жыйынында 2015-2017-жылдары бюджеттен каржыланган капиталдык курулуштар маселеси талкууланып жатат. Жыйын учурунда депутат Төрөбай Зулпукаров вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевге кайрылып, өлкө аймагында канча айылдын окуучулары чатырда окуп жатканын сурады. Кенекеев так санын айта алган жок.

"Өзгөчө кырдаалдар режими жаралганда гана окуучулардын чатырда окуусуна туура келип жатат. Азыр 3 айылдын окуучулары чатырда окуп жатат болуш керек. Бирок биз сентябрь айына чейин чатырда жана үйдө окуп жаткан окуучуларга мектеп салып беребиз. Авариялык абалда турган мектептердин баарын тизмеге киргизгенбиз", - деди Кенекеев.

Андан кийин депутат Зулпукаров өкмөт өкүлдөрүн курулуштун сапатын начар жүргүзгөн ишканаларга көңүл бурууга чакырды. Анын белгилешинче, Ноокат районунда таза суу менен камсыз кылуу боюнча иш аткарган ишканалардын бири соттон утулуп калганына карабай, кайра тендерге катышып утуп чыккан.

"Таза суу менен камсыз кылуу боюнча ишканалардын бири ишти начар аткаргандыгы үчүн соттон утулуп калган. Бирок жакында кайрадан тендерге катышып утуп алыптыр. Өкмөт коррупцияга аралашкан ишканаларды колдоо планыңар барбы?" - деп суроо салды эл өкүлү.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиев 2017-жылы 13 ишкананын лицензиясын алуу боюнча сунуш берилип, комиссия тарабынан каралып жатканын айтты.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2017-жылы 193 мектеп авариялык абалда деп табылса, анын 24ү оңдоодон өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан