Ишке чыккан маршруттук таксилерди иш токтоткон айдоочулар кысымга алышууда. Бул тууралуу "Транс Групп Коммуникэйшн" фирмасынын айдоочусу SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен №130-маршруттук таксинин айдоочусумун, эртең менен кадимкидей эле ишке чыккам. Бирок жолдон башка айдоочулар токтотуп, ишке чыкпоо керектигин айтышты. Ага чейин бул тууралуу эч кандай маалыматыбыз жок болчу. Ошондой эле тааныштардан "ишке чыккан айдоочулардын дөңгөлөктөрүн жарып кетип жатышат" деген маалымат угуп, азыр биздин каттамдагы айдоочулардын баары үйлөрүнө тарап кетишти. Эч ким ишке чыккан жок", - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-апрелде маршруттук таксилер каттабай жатканы боюнча маалыматты окурмандар "Элдик кабар" рубрикасына жиберишкен. Ал эми мэрия буга чейин маршруттук таксилердин иш таштай тургандыгы тууралуу эч кандай маалыматы болбогондугун билдирген.