Жалал-Абад облусунун спорттун түрлөрү боюнча федерацияларынын жана машыктыруучулардын жамааты өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралиновго кайрылуу жасашты. Анда алар Жалал-Абад шаарындагы Элдер достугу университетинин имаратын балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт-интернаты катары ачылуусуна көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. “Жалал-Абад облусунун калкынын 32 пайызын, башкача айтканда 327 миңге жакынын жаштар түзөт. Акыркы мезгилдерде спортчулар, жаштар саясий иш-чараларга жана ар кандай багыттагы баш аламандыктарга тартылып, саясий күчтөрдүн куралы болуп калышууда. Эгерде ушул бойдон кала берсе, жаштардын эртеңи коркунучта калары абзел. Айыл жерлеринде спорттук секциялардын, имараттардын жана спорт аянттарынын жетишсиздигинен жаштар спортко тартылбай, жаман адаттарга берилип жатышат. Акыркы 20 жыл ичинде дене тарбия жана спорт жаатында Жалал-Абад облусунда мыкты спортчулар спорттун түрлөрү боюнча спорттук имараттардын жетишсиздигинен ар бир спорттун түрү боюнча ар кандай башка имараттарда ижара акысын төлөө менен өз машыгууларын жүргүзүп, эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерге, мисалы, Азия оюндарына, Олимпиадаларга тиешелүү деңгээлде спортчулар даярдалбай жатканынын себеби облустун аймагында балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорт-интернатынын жоктугунда. Ошондуктан район-шаарлардын таланттуу спортчуларды машыктырып тарбиялоо максатында Жалал-Абад шаарында балдардын спорт-интернатын ачуу бүгүнкү күндүн талабы болуп эсептелет. Эгерде аталган мектеп ачылса, бир канча жумуш орундары тзүлмөк”,- деп жазылган кайрылууда.