Башкы прокуратура "ата журтчу" депутаттарга чыгарылган чечим боюнча Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылат
Бишкек шаардык сотунун депутаттар Садыр Жапаров, Талант
Мамытов жана Камчыбек Ташиевге карата чыгарган чечимине Башкы прокуратура макул
эмес. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка
ылайык, Башкы прокуратура бул чечим боюнча Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылат. Башкы
прокуратура тергөө ишинде депутаттардын күнөөсү бар экендиги
далилденгендигин билдирди."17-июнда жарыш сөздөн соң, судья соттук отурум
24-июнга жылдырылганын айткан. Бирок айыпталуучулардын тарапташтары сотторду
шишелер, бут кийим менен чаап, депутаттарды бошотууну талап кылып, ар кандай коркуткан
сөздөрдү айтып кыйкырып жатышты. Ошондон соң сот отуруму кайра уланган. Судьяларга депутаттардын
тарапташтары тарабынан кысым болуп, ушундай чечим чыгарылды. Чечим факты
түрүндөгү далилдерге каршы келет”,- деп жазылган билдирүүдө.