ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте жолдогу жөө жүргүнчүлөр өткөн белгиден жаранды унаа сүзүп кетти" дейт окурман

Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарындагы Орозбеков-Киев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты окурман "Элдик кабар" рубрикасына жөнөттү.

Анын айтымында, кырсык жолдун жөө жүргүнчүлөр өткөн белгисинде болгон.

"Окуя болгон жерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери келишти. Жаранды унаа жөө адамдар өткөн жерден сүзүп кетти. Анын кандай жаракат алганын билбейм. Негизи бүгүн Бишкекте жол кыймылы башаламан болуп жатат", - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ermekbai
2018-04-02 15:27:16
Бащ аламандык маршрутка чыкпаса да болот экенго. Тим эле маршрутканы күнөөлөйт элек. Демек ар бирибиз мыйзамды сыйлашыбыз керек экен. Сен жол эрежесин бузбасаң мен жол эрежесин бузбасам жолдор пробка болбойт эле. Келиңиздер баарыбыз мыйзамды аткаралы. Жөө жүргүнчүлөр өз жолунда жүрөлү.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан