ЭЛДИК КАБАР: Күндүн сүрөтү: Окурман троллейбустагы абалды сүрөткө тартып жөнөттү

"Бүгүн, 2-апрелде Бишкектеги №14-каттамдагы троллейбус менен окууга барып келдим. Демейде бош жүргөн бул унаада өзгөчө көрүнүш болду", - деп жазды окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу.

Анын айтымына караганда, аялдамага мынчалык көп эл топтолгонун көргөн эмес.

"Бүгүн аялдамаларга эл батпай калып жатты. Троллейбус, автобустар да жүргүнчүгө толуп келип жатты, түртүшүп жатып араң чыктык. Троллейбуста ылайыкталганга караганда 3 эсе көп адам бара жатты. Түртүшүп, эл көп болгондуктан көпчүлүгү жол акысы үчүн берген акчаларынын кайтарымын ала алышкан жок", - деп жазылат окурмандын билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Аялдамага эл батпай калды
Автобустагы көрүнүш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tailgate
2018-04-02 20:09:33
Троллейбус автобустар акчаны тыгып алдыго чиркин! Троллик автобус айдагандарда бугун той!)))
+4
Flowhive
2018-04-02 22:23:33
Ошто күндө эле эрте менен ушундай эле көрүнүш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан