10-июндан 14-июнга чейин Кыргызстанга жалпы салмагы 403 тоннадай 5 ирет гуманитардык жардам келип түшкөн. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди. Маалыматка ылайык, келип түшкөн жардамдардын 3 жолкусунда медициналык жабдуулар, 1 жолкусунда дары-дармек каражаттары жана 1 жолкусунда азык-түлүктөр алынып келинген. Алынып келинген жүктүн жалпы суммасы 583 миллион 71 миң сомду түзгөн.