Бишкекте бүгүн троллейбус жана автобустар түн жарымына чейин иштейт

Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштагандан улам троллейбус жана автобустар түн жарымына чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүн маршруттук таксинин айдоочулары иш таштаганына байланыштуу муниципалдык транспорт түнкү саат 12:00гө чейин иштейт. Бирок кечке чейин маршруттук таксилер жүрө башташы керек", - дейт мэриянын басма сөз катчысы.

Эске салсак, бүгүн маршруттук таксилердин айдоочулары наарызычылыгын билдирип иш ташташты. Алар укуктары корголбогондугун, көп тараптан кысымдар болуп жаткандыгын айтышкан. Ал эми шаар тургундары күтүүсүз жаралган бул кырдаалга нааразы болушууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Almazbek81
2018-04-02 17:39:00
Бүгүн эле эмес күндүгө иштесе болбойбу?кечки саат 19 дан кийин баары токтойтко.
+4
madrid7000
2018-04-02 17:43:41
Дурайын маршрутниктер тажатышты.
+1
1Adilet1
2018-04-02 21:56:52
Машуртка эки үч күн чыкпай койсо автобустар болбой калат.. көрдүк автобустардын абалын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан