Бүгүн, 2-апрелде таңдан тартып эле Бишкектин жашоочулары маршруттук таксилердин жүрбөй калганына кабылды. Азыркы тапта жол тыгындары жаралып, аялдамада дарегине жете албай жаткан адамдын саны көбөйдү. Абдырахманов-Киев көчөлөрүндө унаалардын тыгыны, башаламандык жаралган. Андагы тургундардын бири өзүн Жекшекан Асаева деп тааныштырып, төмөнкүлөргө токтолду.
"Мен бүгүн жумушка барайын деп чыгып эле маршруттук таксини бир саат күттүм. Келген жок, жумуштан кечиктим. Эч кандай эскертүүсүз мындай абалдын жаралганына нааразымын. Эгер тиешелүү тараптар эскерткенбиз дей турган болсо да ишенбейм, жеке мен бул тууралуу эч нерсе уккан эмесмин", - деди ал.
Абдырахманов көчөсүнөн жалаң жеңил унаалар менен автобус, троллейбустарды көрүүгө болот.
"Эртең менен интернеттен маршруттук таксилер жок болуп жатканын окуп дароо эле таксиге отурдум. 50 мүнөткө жеткен жерге жол тыгынынан улам 3 саатта келдим. Мурда бул аралыкка 10 сом менен келсем, бүгүн такси менен келип 10 эседен көп акча короттум", - деди Нурайым аттуу тургун.
Ал эми таксист болуп иштеген Алмаз аттуу жаран учурда 2-кардарын ташып бара жатканын айтты. Ал: "Мен кечээ маршруттук унаалар жүрбөй турганын уккам, бирок 1-апрелде тамаша го деп олуттуу кабыл алган эмесмин. Такси кызматынын баасын кымбаттатып жатабыз, жол тыгын, күйүүчү май көп кетет", - деди ал.