Ош. Сооронбай Жээнбеков: “Ош облусундагы туристтик жайлар талапка жооп бербейт”

“Ош облусундагы туристтик жайлар талапка жооп бербейт”. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда коллегиялык жыйын учурунда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков билдирди. “Бүгүнкү күндө туристтик жайларда кемчилдиктер көп, эң эле жөнөкөй шарттар түзүлгөн эмес, ошондуктан менчик экендигине карабастан бардык туристтик жайларга талаптарды коюу керек”,- деди Жээнбеков. Ошондой эле жыйында райондук жана айылдык округдар тарабынан президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин токтомдорунун, буйруктарынын, протоколдорунун аткарылышы жана Ош облусунда мектепке чейинки мекемелерди, спортту жана туризмди өнүктүрүү маселелери каралды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан