Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдогу тамак-ашка уулангандардын саны 234кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалпы өлкө аймагында ууланганын айтып, 234 адам ооруканага кайрылган. Бишкек шаарында жалпы 198 адам ууланганын айтып кайрылышкан, алардын 131и ооруканага жаткырылса, 67 адам амбулатордук медициналык жардамды алып кайра үйлөрүнө кетишкен. Ал эми аймактарда жалпы 36 адам кайрылган, алардын 34ү ооруканага жаткырылып, 2 адамга амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда уулангандардын абалы жакшы, 1-2 күндөн кийин чыгарыла баштайт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдогу тамак-ашка 30 жаран ууланганы кабарланган. Кийин массалык түрдө ууланууга жол берген "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылып, жетекчилерине 25 миң сом айып салынган. Ал эми аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256 жана 258-беренелери менен кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИББи кабарлаган.