Франциянын темир жол кызматкерлери жумуш ташташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, кызматкерлер темир жол компаниясын реформалоого каршы чыгып жатышат. Алардын билдирүүсү боюнча нааразычылык акциялары июнь айына чейин уланат, анда кызматкерлер жумасына 2 жолу иш таштап турушат.
"2-апрелде темир жолчулардын жарымы жумушка чыккан эмес. Ал эми 3-апрелде тез ылдамдык менен жүрүүчү поезддердин 12 пайызы гана иштеп жатат. Жергиликтүү бийлик жеке менчик машиналардын айдоочуларын башка жүргүнчүлөрдү жолдон ала кетүүгө чакырууда", - деп жазылат маалыматта.
Президент Эмануэл Макрон сунуш кылган реформага ылайык, темир жол тармагындагы атаандаштык күчөтүлмөкчү. Андан тышкары, темир жолчуларга каралган жеңилдиктер жоюлат.