Баткенде Кыргыз жарандары менен Тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты

Баткен районунун Үч-Дөбө айыл аймагында Тажик жана Кыргыз жарандарынын ортосунда чатак чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтуусуна караганда, жаңжал 3-апрелде саат 16:30дар чамасында чыккан. Анда Кыргыз өлкөсүнүн Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургундары менен Тажикстандын Исфара районунун Ходжа Аъло айылынын жарандары жаңжалдашкан.

"Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну үйүнүн жанына тосмо коюуга аракет кылган. Бирок ал айыл чек ара такталбаган жерде жайгашкандыктан, кандайдыр бир чарбаларды жүргүзүүгө болбойт. Аны эске албаган Кыргыз жараны тосмо кура баштаган. Ага нааразы болгон тажик жарандары каршылык билдиришкен. Алардын айтканын Кыргыз жараны аткарбаган соң, эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда пикир келишпестик келип чыгып, аягы таш ыргытышууга чейин жеткен. Учурда ал жерде Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акими сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жаңжалдан адамдар жаракат алган же албаганын тактап жатабыз. Жаңжал жарым сааттан кийин эле токтотулган. Мамлекеттик чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткенде жер талаштан чыр чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
RICH.
2018-04-03 20:07:59
Ушу ХХХХХХХ ХХХХХХХ жанжал чыгарышты эле
+6
NURTILEK_KG
2018-04-03 20:28:05
Карабайбы чондор серезныйыраак болуп такталбаган жер деп отура береби.биздин жерлерге жон эле кирип келип жатат.тажиктерденда коркобузбу эми
+6
Alixan-Nookat.2015
2018-04-03 20:41:59
Карачы биздин кыргыз жигиттеринин жүрөгүндө жалы бар
+8
Sambet08
2018-04-03 22:06:41
Такталбаган чек ара деп кайра биздин жаранды айыптайын деп жатасынарбы тарс тарс эле чечпейт да ушу биздин атка мингичтер
+5
HAKER-KG
2018-04-03 22:12:30
Биз аркылуу жук алып отот ошону тосуш керек откорбой озбектер буларды киргизбейт толька биз жактан отот фура женил машиналар менен жонокой жукбу наркоттикби акча берсе болду койо берет
+4
Blackmoon
2018-04-03 22:39:21
ХХХХХХХХХХХХХХ
+3
admin_media
2018-04-04 11:55:08
Blackmoon, akylbek.kg,
Эскертүү! Провокация жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
-1
bond02
2018-04-03 23:17:03
орук берип алдагыла аяш авалар.
-8
jbolotov
2018-04-03 23:40:42
Биздин акмак чондор 386 млн го ТЭС ондогуча ошол акчага армияны кучотбойбу.
+3
bakulya2015
2018-04-04 01:49:55
Тынч эле бололучу оо кудай. Ушул таш ыргыткандарды ак уйго алып барыш керек. Ушуну коруп билип эчтеке кылбай олтурган чондорубузга карап ташты. Тосмолорду коё бериш керек
+4
aerforce
2018-04-04 07:44:09
бизде пограничниктер барбы?
+1
kenen
2018-04-04 09:13:05
Кыргызстандын бир жагын коргоп турган Баткендиктерге таазим.
+3
Adyl1502
2018-04-04 09:37:37
ХХХХХ ХХХХХ
0
admin_media
2018-04-04 11:57:18
Adyl1502,
1. Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынган!
2. Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
3 күн БАНга!
0
jojotai
2018-04-04 09:38:44
Чондор дебестен маданияттуурак кылып,Окмот деп жазгылачы. Окмот чечетда чондор деп жазасынар эмне болсо эле
-1
BekAmir
2018-04-04 14:48:18
Ошол чек-арада жашаган эл Кыргыздын карыш жери учун курошуп жатат...
Чондор кресло талашып убара
+2
Malik92
2018-04-05 07:04:07
Ак уйду Баткенге жылдырыш керек.Биздин ХХХХ корушсун,элдин кыйынчылык жашоосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан