Бүгүн, 18-июнда Баткен облустук Маданият үйүндө “Тынчтык кербени-2013” аттуу форум болууда. Ага Баткен мамлекеттик университетинин жана Тажикстандын Кожент шаарындагы Мамлекеттик университеттин студеттери катышууда. Иш-чаранын алкагында жогоруда аталган окуу жайлар боюнча видео тасмалар көрсөтүлдү. Андан соң эки элдин студенттери тажик жана кыргыз элинин ынтымагын чагылдырган көрүнуштөрдү аткаруу менен биргеликте концерттик программа тартуулашты. Форумдун кийинки бөлүгү шаардагы "Манас" комплексине сапар менен улантылууда. Баткен шаарынын вице-мэри Гүлсүн Токсонова сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү билдирди: "Биздин ата-бабаларыбыз бир арыктан суу ичип, куда-сөөк болушкан. Муну Манас атабыз кыргыз уулу, Каныкей энебиз тажик кызы экендиги далилдеп турат. Келечек муунадарыбыз да коңшу тажик эли менен болгон чыр-чатактын алдын алып, ынтымакта жашоо керек".