"Республика-Ата Журт" фракциясы кезексиз жыйынга чогулду. Фракция лидери жыйынга катышпаганын айтты

"Республика-Ата Журт" фракциясы кезексиз жыйынга чогулду. SUPER.KG порталы депутат Абдыбек Дүйшалиевге байланышканда, учурда фракциянын жыйынында отурганын билдирди.

Бирок депутат эмне маселе каралып жатканы боюнча айткан жок. Буга чейин фракциянын лидерин алмашат деген сөздөр айтылган.

Ал эми фракция лидери Руслан Казакбаев фракция жыйыны өтүп жатканы тууралуу маалыматы жоктугун билдирди. "Мен жыйынга катышкан жокмун. Лидер алмаштырылат деген ушак сөз. Убагы келгенде баары билинет", - дейт Казакбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан