ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндө кой 5 козу тууду" дейт окурман

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында кой 5 козу тууду. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын окурманы "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.

Анын айтымында, 5 козу тең чыйрак туулган. Баары дароо эле ордунан туруп, энесин эме баштаган.

"Койдун 5 козу туугандыгы баарыбыз үчүн таң калычтуу. Эң башкысы өзү да, козулары да аман. Айылдыктар буга чейин мындай көрүнүшкө күбө болбогондугун айтышууда", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кой 5 козу тууду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
dinar-87
2018-04-04 10:13:03
Бир чонойтуп алайын дептирда кыйналганга жараша:)
+5
Eli.91
2018-04-04 10:16:20
Жакшы экенда?жакшы багып чонойтуп 1 го ээнчилеп бериши керек?илгеркилердин айтуусу боюнча жеенге берет деген создорду укканым бар?
+3
nurgaz
2018-04-04 13:57:04
Eli.91, бербей койсода болот, ырымга ишене бербегиле.
+1
Karban86
2018-04-04 10:34:53
Кундун жанылыгы болуптурго
+3
zhaku2017
2018-04-04 10:50:14
Кой баккан конок күтөт.
+2
Tyty1990
2018-04-04 11:24:00
Менин айылым. Берекесин берсин
+2
Zainidin96
2018-04-04 12:18:28
Биздин койлор ашып кетсе 3козу тууйт андан ашык туубайт
+3
aydarken
2018-04-04 12:40:59
Бул Мирбектин койубу кечэ эле айтып аттыле койум беш козу тууптур деп Мирбек биз мн жашайт Москвада.
+1
aman0296
2018-04-04 20:38:46
aydarken, Мирбегин ким озу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан