Баткен районундагы Үч-Дөбө айыл аймагындагы Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжал тууралуу аталган айылдын жашоочусу SUPER.КG порталына айтып берди.
Тургундун айтымында, талашка түшкөн жер кыргыздарга тийиштүү болгон. Бир жума мурун аны аким дагы картадан көрсөтүп берип кеткен.
"Жаңжал түшкө жакын башталды. Окуя болгон жер кыргыздарга тийиштүү. Айылдын жашоочусу үйүнүн жанына мурда дубал тосуу үчүн пайдубал куйган экен. Бирок кечээ жакында ал пайдубалын бир аз ары жылдырайын дегенде Тажик жарандары ага макул болбой, пайдубалды мурдагы жерге гана салышын талап кылышкан. Ушундан улам уруш чыгып ал таш ыргытууга чейин жетти. Менин билгеним боюнча, жаракат алгандардын саны 40 чакты. Көпчүлүгү таштан жаракат алгандар. Ал эми эки үйдүн чатыры жарактан чыгып калган. Алардын бири тажиктердики болсо, бири кыргыздыкы", - дейт айылдын жашоочусу.