Ош. Алай районунда “Өнүгүү жолу аракет менен эмгекте” аттуу семинар болуп өттү

17-июнда Ош облусунун Алай районунда “Өнүгүү жолу аракет менен эмгекте” аттуу семинар болуп өттү. Анда ар райондон келген бийлик өкүлдөрү жана Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков катышты. Келген коноктор Алай районундагы аткарылган иштер менен таанышып, анда Гүлчө айылынын көчөлөрүнө жарыктар орнотулуп, Курманжан датка аллеясы курулгандыгына, Ленин көчөсүнө 350 даана таштанды таштоочу урналар орнотулганына жана башка аткарылган иштерге күбө болушту. Семинар кечки саат 23:00дөр чамасына чейин уланып, жыйынтыктоо сөзүн Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов сүйлөдү. “Ар бир жетекчи кызматка келгенде, ким чын дили менен иштегиси келсе, ал үчүн аткара турган жумуш көп. Жогорудагы иштерди аткарып, баары бүттү дебейм. Али көп иштер турат алдыда”,- деди аким. Ош облус башчысы Сооронбай Жээнбеков Алай районунда аткарылган иштери үчүн район акимине жана жергиликтүү тургундарга ыраазычылыгын билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан