2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Эгек, миграция жана жаштар министрлигинде иштеп кеткен 18 кызматкер декларацияларын берише элек. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этикасы боюнча комитеттин жыйынында комитеттин төрайымы Айнуру Алтабаева билдирди. Комитет жумушчу топтун аталган министрликтин мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамынын аткарылышын кароодо. А.Алтыбаева декларация бербегендерге көңүлүн буруп,“булар мамлекеттик кызматтан таптакыр эле бошоп кеткендерби же башка мекемелерге которулуп кеткендерби?” деп сурады ал. Бул суроого мекеменин статс-катчысы Нурлан Досалиев “бул кызматкерлер мамлекеттик кызматтан кеткендер” деп жооп берди. “Алар кетип жатканда биз алардан декларацияларын тапшырууну суранганбыз. Азырынча жооп боло элек”,- деп кошумчалады Досалиев.