"Сенин апаңды тааныйм" деп алдап 2-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылган киши изделүүдө

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда 20-25 жаштардагы адам 2-класста окуган кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 3-апрелде саат 15:00дөр чамасында болгон. Анда мектептен үйүнө бара жаткан 9 жашар кызды белгисиз 20-25 жаштардагы адам анын апасы менен тааныш экенин айтып, ошол жердеги үйлөрдүн биринин артына алып өтүүгө аракет кылган. Үйдүн арт жагына айланып бара жатканда башка адамдардын үндөрүн угуп, ал качып кеткен.

"Кылмышкер окуучу кызга эч кандай зыян келтирүүгө жетишкен эмес. Ага байланыштуу анын ата-энеси арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок бул факты катталып, биздин кызматкерлер териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Shirin123
2018-04-04 18:26:27
Кудай сактаптыр
+6
Shirin123
2018-04-04 18:26:35
Кудай сактаптыр
+2
Freemankg
2018-04-04 18:56:20
Бул билинбеген оору болуш керек, акылды алып , адам айбанга айланган.
+6
Rokki84
2018-04-04 19:19:25
Эшектин эти баарыбыздын башыбызды айлантты
-2
Azatbek.Svoboda.
2018-04-04 19:27:31
Арыз жаза берсин качан бир нерсе болгондо арыз жазмак беле?! Андай эки бутту айбандарды таап түрмөдө бакпай костиравать этиш керек ошондой мыйзам чыгарыш керек.
+5
Dalil
2018-04-04 20:17:55
Ата-энеси зордуктап кетсе анан арыз жазат бекен?
+2
Zainidin96
2018-04-05 00:21:43
Арам ою ишке ашпай калыптырда чиркин
0
datkayimjan
2018-04-05 08:50:23
Мындай жагдайларда арыз жазбаса да жазалаш керек
0
Hacker99
2018-04-05 09:05:43
Мындай мыкаачылар учун концлагерь ачуу керек
0
thirteen
2018-04-05 09:38:47
Adisterdin aytamanda bul porno sayttardi kop korup, psihikalik jaktan ketken adamdar...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан