ЖКнын Тармактык комитети вице-премьер-министрликке Токон Мамытовдун талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 18-июнда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Токон Мамытовдун вице-премьер-министрликке талапкерлигин жактырды. Маалыматка ылайык, анын талапкерлигин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев киргизген. Депутат Абдыжапар Бегматовдун айтымында, Токон Мамытов күч түзүмүндөгү абалды жакшы билет. Эске сала кетсек, Токон Мамытов Жогорку Кеңештин депутаты болчу, андан соң ал Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп, ал эми 1-июнда өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан