Жаз келип, жер жаӊыра баштаганда табият ажарына чыгып, жер бетин гүлгө оройт эмеспи. Жайнаган кыздын жамалындай ары сулуу, ары кооз гүлдөрдөн эӊ эрте ойгонгону жоогазындар.
Жоогазындар – ажайып кооз, көз жоосун алган ар түркүн түстөгү керемет гүлдөр. Аталган гүлдөр Бишкек шаарындагы борбордук аянтта жайгашкан Курманжан датка айкелинин жана Жеңиш аянтынын айланасындагы клумбаларда гүлдөп, айлананы жыпар жытка бөлөп турган учуру.
Жоогазындын мекени аталган Голландияда бул гүлгө байланышкан кызыктар көп. Жоогазын алгач Түркиядан алынып барылганына карабай, ушул күнгө чейин үлбүрөгөн чөйчөктөй кооз гүлдүн мекени Голландия аталып келет. Түрктөр убагында бул гүлгө маани бербегендиктен жоогазын гүлүнүн мекени аталуудан кол жууп калышкан. Ошентсе да жоогазындын "тюльпан" деген аталыш менен дүйнөгө таанылуусуна түрктөр себепкер. "Тюльпан" сөзү түрктөрдүн кездемеден чалып оролгон "түрбан" аттуу баш кийиминен келип чыккан. Түрбандын да формасы жоогазындын ачыла элек желекчелерине окшоп, биринин үстүнө бири катталып турат.
Жоогазындын тамыры кадимки пияз сыяктуу тоголок келет. Учурда жоогазындын дүйнө жүзү боюнча 1800дөй түрү бар. Гүлдү өстүрүүнү каалагандар сабагынан эмес, түбүнөн алып келип өстүрүшү керек.
Эске салсак, былтыр 2017-жылы Нооруз майрамында 6500дөй жоогазын тебелендиде калса, 2016-жылы "Ала-Тоо" аянтындагы Курманжан датка жана Манас айкелдеринин айланасына отургузулган жоогазынды белгисиз адамдар жулуп кетишкен.