Бишкек шаарынын жолдорундагы аңдарга шаар активисттери аткаминерлердин сүрөттөрүн тартышат

29-июнда Бишкек шаарынын жолдорундагы аңдарга шаар активисттери аткаминерлердин сүрөттөрүн тартышат. Бул тууралуу жарандык активист Айбек Баратов бүгүн, 18-июнда бизге билдирди. Айтымында, бул идея пайда болгонуна көп болгон. “Азырынча кайсы көчөлөргө жана кимдин сүрөттөрүн тартарыбыз тууралуу ойлонуп жатабыз. Бул иш-чара шаар жетекчилерин аз да болсо ойлондурат деп ойлойм. Бардык каалоочулар акцияга катышса болот”,- деди Баратов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан