5-апрелде Бишкек шаарында хоккей боюнча Өлкө биринчилигинин жарым финалдык беттештери орун алды.
Шаардык муз тебүүчү аянтта "Кыргыз темир жолу" менен "Чолпон-Ата" командалары кез келди. Бишкектин "Кыргыз темир жолу" командасы беттештин жүрүшүндө атаандашынан күчтүрөөк болуп 9 гол киргизгенге үлгүрдү. Ал эми "Чолпон-Ата" командасы 1 гол менен гана жооп бере алды. Командалардын жооптук беттеши 6-апрелде орун алат.
Жарым финал: "Кыргыз темир жолу" - "Чолпон-Ата" - 9:1