Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев БУУнун башкы катчысынын орун басарын кабыл алды

Бүгүн, 18-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Свен Алкалайды кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы мамилелердин абалын жана мындан ары кызматташуунун келечегин, экономикалык маселелерди да талкууланды. Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, инвестициялык климатты жакшыртуу жана мамлекеттик-жеке менчик кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө сөз болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан