Бишкек шаарынын экс-мэри, “Ата Журт” фракциясынан депутаты Нариман Түлеев боюнча сот иши 20-июнга жылдырылды. Тийиштүү чечимди Ленин райондук сотунда төрагалык кылуучу судья Аман Сариев бүгүн, 18-июнда кабыл алды. Мындай чечим кабыл алынышы айыпталуучулардын биринин жактоочусу сотко келбей калгандыгына байланыштуу болгон. Эске салсак, өткөн жылдын 29-октябрында Башкы прокуратура Түлеев жана мэриянын мурдагы айрым кызматкерлери боюнча акыркы чечимди чыгарган. Аларга карата “Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деген айыпта иш козголуп, Ленин райондук сотунда 9 айдан бери каралууда.