Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе 24 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Пак Кын Хе коррупцияга жана өлкөнү башкарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Мындан сырткары, сот мурдагы президентке 16 миллион 900 миң доллар айып салган. Сот мурдагы өлкө башчыны, ага карата тагылган 18 айыптын он алтысы боюнча күнөөлүү деп таап, 24 жылга эркинен ажыраткан.
Ошондой эле анын курбусу Чхве Сун Силге мамлекеттик иштерге кийлигишкен деген айып тагылган. Аны прокуратура 30 жылга эркинен ажыратууну өтүнүп, февраль айында сот 20 жылга эркинен ажыратып, 16 миллион 600 миң доллар айып салган.
Айта кетсек, Чхве Сун Силдин аты Түштүк Кореядагы чоң коррупциялык чыр менен байланышкан. Ал өлкө башчысынын атын жамынып көптөгөн ири компаниялардан акча талап кылган. 2016-жылдын ноябрь айында камакка алынып, ага 18 берене боюнча айып коюлган. Сот иштери 1 жылдан ашык убакытка созулган. Бул окуядан көп өтпөй 2017-жылдын март айында өлкө башчысы Пак Кын Хе "коррупциялык иштерге байланышы бар" деген шек менен камакка алынган.