Бишкекте камактагы 3 депутатты актаган судьяларга каршы митинг өттү

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык сотунун алдында камактагы “ата журтчу” 3 депутатты актап чыгарган чечимге каршы тынчтык митинги өттү. Маалыматка ылайык, митингчилер аларга соттун 3 төрагасына кандай себеп менен депутаттарды актап, мындай чечим чыккандыгын түшүндүрүп берүүнү талап кылышкан. Митингчилердин ою боюнча, соттун чечими калыс болгон жок. “Ташиевдин элди бийликти күч менен басып алууга үндөгөнүн баары көргөн”,- дешет алар. Шаардык соттон билдиришкендей, тынчтык митингине 100гө жакын адам чогулган. Алар шаардык соттун төрагасы Айдарбек Осмонов менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң көпчүлүк митингчилер тарап кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан