Нарын. Нарын облусунда кар жааган аймактарды кыдыруу үчүн комиссия түзүлүп, иш алып барууда

Кечээ, 17-июнда Нарын облусундагы тоолуу райондордо аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, натыйжада тоолуу аймактарда  кар жааган. Нарын облусу боюнча өкмөттүн өкүлүнүн басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, учурда район башчылары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнөн атайын комиссия түзүлдү. Аталган жарандык коргонуу боюнча комиссия бардык райондорду акимдери менен кыдырып, келтирилген зыяндар жана талаачылык иштериндеги тоскоолдуктарды иликтеп, дыйканчылык кылган жардамга муктаж тургундарды эсепке алышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан