Кыргызстан качкындар үчүн транзиттик өлкө болуп саналат

Кыргызстан негизинен качкындар үчүн транзиттик өлкө болуп саналат. Бул тууралуу 18-июнда БУУнун качкындар маселеси боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын кеңсесинин өкүлү Йоханн Сиффоант билдирди. Анын айтымында, 2005-2010-жылдардагы акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстан көптөгөн качкындар үчүн транзиттик өлкө болуп калды. “Өзбекстандын 450 жараны Кыргызстанга келген. Демейде кайсы бир өлкөнүн чек арасын кесип өткөндө аларга кысым көрсөтүлөт. Кыргызстан Эл аралык конвенцияны карманып, качкындарга карата кысым байкалган жок. Ошондой эле Кыргызстан аларды кайра өз өлкөсүнө депортациялаган жок. Бул баш калка издеген качкындар үчүн чоң колдоо болуп саналат ”, - деди ал. Мындан тышкары ал 2012-жылы 16 миң 972 жаран Кыргызстандын жарандыгын алганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан