ЭЛДИК КАБАР: "№54-мектептин жанында окуучулар жолдон туш келди өтүп, алардын өмүрүнө коркунуч жаралууда" дейт окурман

"№54-мектептин жанында көчөлөрдүн кесилишинде окуучулар жолдон туш келди өтүп, алардын өмүрүнө коркунуч жаралууда" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жөнөткөн.

"Бишкек шаарында Ленин жана Скандинав көчөлөрүнүн кесилишинде №54-мектеп жайгашкан. Бирок мектептин алдында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү атайын өтмөк же жасалма дөңчөлөр (лежачий полицейский) жок. Мындан улам жолдон ары-бери өткөн окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаралууда", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2018-04-07 11:39:45
туура алдын алыш керек, даже ата энелер аракет кылыш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан