Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлө балдары, “Ирада” балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жана мектепте жакшы көрсөткүчтөрү бар окуучулар үчүн жайкы эс алуу уюштурулат. Ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен быйыл 200 миң сом каралды. Маалыматка ылайык, быйыл 50 бала жергиликтүү бюджеттин эсебинен эс алат.