Германияда стаффордширдик бультерьер породасындагы ит өзүнүн 52 жана 27 жаштагы ээлерин өлтүрдү

Германияда стаффордширдик бультерьер породасындагы ит өзүнүн 52 жана 27 жаштагы ээлерин өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Германиянын Ганновер шаарынын 52 жана 27 жаштагы тургундары өзүнүн үйүндө стаффордширдик бультерьер породасындагы ити тарабынан өлтүрүлгөн.

Белгилүү болгондой, маркумдардын үйүнө 25 жаштагы кызы келген, бирок анын чалууларына жана эшиктин коңгуроосун басканына эч ким жооп берген эмес. Мындан улам ал терезеден үйдүн ичин караган кезде бөлмөдө жансыз жаткан байкесин көргөн.

Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери чакыртылып башка бөлмөдө майыптар арабасында отурган кыздын апасы дагы ит тарабынан тиштелип өлгөнүн аныкташкан.

Азыркы тапта ит үй жаныбарларын кармоочу атайын жайда. Ал эми полиция эмне себептен ит өз ээлерине кол салгандыгын иликтеп жатат.

Маалымат үчүн: Германияда уруштуруу үчүн багылган бультерьер породасындагы иттерди кармоого лицензия талап кылынат. Мындай иттерди кармагысы келгендер атайын сынактарды тапшырышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ziash85
2018-04-09 08:31:11
Ушундай кооптуу итти үйгө кармаштын эмне зарылчылыгы бар десең ? Атайы даярдыктан өтсө коркунучтуу ит экен да?майыптар арабасында отурган кары бар болсо .
+7
kanysh
2018-04-09 09:13:30
Мына сага ит адамдын досу дегендерге сабак. Айбан баары бир айбандыгын кылат да.
+13
lady.girl7997
2018-04-09 15:10:52
kanysh, Адамдарда айбандардан хуже болуп атышпайбы
+3
Nurmat92
2018-04-09 10:24:33
Итти 20 жылга эркинен ажыратыш керек. Түрмөдөн чыккан ит кутурма оорусун жугузуп чыгат таш бараңга алып өлтүрүш керек хе хе хе
-11
Zainidin96
2018-04-09 10:53:39
Мына сага жанылык
+1
Elina9695
2018-04-09 14:57:08
Ажалдары иттен экенда шордуулар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан