Бишкекте жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

19-июнда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Оренбургский, Макеев, Тойгонбаев, Горький, Ош, Средний, Сельсовет көчөлөрүндө, Тимирязев  көчөсүндөгү №69-көп кабаттуу үйдө электр энергиясы өчүрүлөт. Ошондой эле Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын Кара-Балта көчөсүндө, Большевик айылындагы Центральная көчөсүндө, Петропавловка айылынын Октябрь көчөсүндө электр энергиясын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Электр жарыгынын өчүрүлүшү 0,4 кВ жана 10 кВ аба электр берүү чубалгыларын монтаждоого байланыштуу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан