ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "WhatsApp'тан ичүүчү суу тууралуу тараган маалыматка ишенсе болобу"

"WhatsApp тиркемеси аркылуу суу өткөрүү түтүктөрү, скважиналар дезинфекцияланат. Ага химиялык каражаттар пайдаланылгандыктан 1 сутка сууну ичүүгө болбойт" деген кабар тарап жатат. Ушул чынбы?" деп суроо салды окурман.

Анын айтымында, WhatsApp номерине жарыя жазылган сүрөт келген. Мындай билдирүү "Элдик кабарга" бир нече окурмандардан келип түштү.

"Биз сууну ичерибизди же ичпей коёрубузду билбей отурабыз. Бизге келген билдирүүдө 11-апрелден кийин ичсе болот деп жазылган. Анда аймак көрсөтүлгөн эмес. Маалыматты тиешелүү тараптардын тактап берүүсүн суранабыз", - деп жазылат окурмандардын билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
toktor89
2018-04-09 12:27:59
суу сыйлаган зор болот!
суу кордогон кор болот!
+1
Bekzamann
2018-04-09 12:33:24
Тактай алдынарбы анан?
0
KOCMOC
2018-04-09 12:39:25
Суу токтойт 10-апрелде деп аткан Бишкектин айрым райондорунда. Супер Инфо тактап бергиле маалыматты
+1
Zainidin96
2018-04-09 14:21:54
Бекерчилердин ойлоп тапканы да бул
0
Dalil
2018-04-09 14:41:48
Бул суу саткан фирмалардын кылганы го менимче. Жарымы ишенсе жарымы ишенбей далай суусун сатып алышат. Эгерде андай болчуу болсо жетекчинин мөөрү колу коюлган болуп ар бир подъеддерге чаптап, же жергиликтү теле-радиодон эскертип айтат эле.
+1
admin_media
2018-04-09 16:06:17
BBB88,
Саламатсызбы! Сизге купуя кат аркылуу жооп берилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан