Кечээ, 18-июнда президент Алмазбек Атамбаев Анкара шаарында жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар талкууланды. Ошондой эле Кыргызстанга чет элдик инвестицияларды түз тартуу маселелери дагы каралды. Тараптар үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте өткөрүлгөн эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык кызматташуунун Башкы кеңешинин 2-жыйыны кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодогу кезектеги кадам жана мамлекеттер аралык натыйжалуу диалогдун далили болуп калгандыгын белгилешти.