Өзбек чек арачылары Кыргыз жаранын атып өлтүргөн окуянын чоо-жайы (кырсык болгон жерден фото)

7-апрель күнү Өзбекстандын чек арачыларынын огунан Аксы районунун 34 жаштагы Фархад Мырзакалыков аттуу тургуну каза болгон. Акыйкатчы институтунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүн кызматкерлери эртеси окуя болгон жерге барып келишип, акыйкатчы Кубат Оторбаевдин тапшырмасы менен иликтөө иштерин башташкан. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Мадиева билдирди.

Институттун маалыматына караганда, район тургуну апасынын Өзбекстанда жашаган сиңдисинин үйүнө барган. Кайра Кыргыз мамлекетине кайтып келатканда өзбекстандык чек арачылар анын башына атып жиберишкен.

"Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Таалай Кожошевдин маалыматы боюнча, 7-апрель күнү саат 7:30да Кербен шаарынын тургуну Фархад Мырзакалыков Өзбекстанда жашаган таежеси Дилорам Бекиеванын үйүнө арыктан аттап өтүп барып (бул арык шарттуу түрдө Кыргыз-Өзбек чек арасы катары саналат), саат 8:10до үйүнө кайткан. Ошол учурда Өзбекстандын чек арачылары жашынып турган жеринен чыгышып артынан кууп келишкен. Алардын бири Кыргыз мамлекетинин аймагына өтүп, Мырзакалыковду өздөрүнүн аймагына сүйрөп, ал макул болбой койгондо ок чыгарып жиберген. Атылган ок анын баш сөөгүнө (мурдуна) тийип, ошол жерден каза болгон.

Өзбекстандын чек ара кызматкери Фархадды өз аймагына сүйрөп баратканда эжеси көрүп калып, жардам сурап кыйкырган. Ага Кыргыз мамлекетинин эки жараны жардамга келишкенде чек арачылар аларды да “кыймылдасаңар атам!” деп коркуткан. Көп өтпөй эки тараптан эл чогулуп калганда гана Фархадды алып кетүүгө мүмкүнчүлүк болгон", - деп билдиришти институттан.

Окуядан соң Таалай Кожошев Өзбекстандын чек ара өкүлү Шавкат Мирзоабдуллаев менен сүйлөшкөн. Анда ал 2010-жылы 6-январда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери “Куралды өзгөчө учурларда гана колдонуу” боюнча макулдашканын, бирок Өзбекстан тарап ал макулдашууну бузуп жатканын эскерткен.

Учурда окуя боюнча өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканы, болгон окуя боюнча Аксы РИИБи тарабынан кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Өзбек чек арачыларынын огунан каза болгон жарандын өлүмү иликтенүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Dalil
2018-04-09 14:08:56
Буйрукка жооп бербегенде биринчи ок асманга эгерде анда да аткарбаса бутуна атыш керек а бул өзбектер туура эле башка атып жатат.Өзбек жоокерин жазага тартууну биз кыргыз бийлигиден талап кылабыз. ХХХХХХ 3 күн мурун тажиктер да кыргыз жерине кирип үй салбагыла деп коркутуп жатат. ХХХХХХХХХХХХХ
+47
admin_media
2018-04-09 14:43:57
Dalil, провокация жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
-54
ekaterinburg
2018-04-09 14:09:26
Чоон тосмо коюп койбойбу ...танкору!Арык болчу беле!!Мээси жоктор!
+15
raykray
2018-04-09 16:28:08
ekaterinburg,арыктан нары озбекстан бери кыргызстан жашагандар-коп бизде
+5
momun74
2018-04-09 14:16:58
аянычтуу окуя жайы жанаттан болсун! жакындарына Аллахым сабыр берсин
+7
aIways-here
2018-04-09 14:26:07
Октон каза болгон жоокер 3 ХХХХХХ ХХХХХХ
0
admin_media
2018-04-09 14:43:11
aIways-here, курамы окшош сайттарга шилтеме калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
-28
evra_kg
2018-04-09 14:38:35
Озубуздун жерди кантип тосо албайт элделе жардам бермек алар кылсада биздикилер неге атпайт жылда он догон адам олот ошол эле границадан
+6
nurbekasr
2018-04-09 14:47:17
Супер инфо соңку кабарга Атамбайыпты Кытайга учуп кетти деп жазыпсыңар да, азыркы президентибиз Жээнбеков Туркияга офицвизит менен кеткенин жазбайсыңар.ХХХХХХХХ ХХХХХХХХ
+25
Kojosh80
2018-04-09 15:03:23
nurbekasr,ТЕЦти сүйлөшкөнү кеткен го бул жагын кандай кылалы деп
+11
admin_media
2018-04-09 16:05:34
nurbekasr,
Саламатсызбы! Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-апрель күндөрү Түркияга барат http://www.super.kg/kabar/news/227181/
-1
Ask094
2018-04-09 14:53:01
#озбекстан менен граница жабылсын!!!ХХХХХХ ХХХХХХ
+23
Kojosh80
2018-04-09 15:01:13
Границаны жабыш керек го ачык жабык убагында деле бизге пайдасы жок экен
+15
kolyn
2018-04-09 15:02:50
ХХХХХХХ ХХХХХХХ
+1
rejepova
2018-04-09 15:28:11
ХХХХХХ ХХХХХХХХх Бийлик чара корбой жеп отура берсенер билбейм дагы эмне болуп кетишин!
+9
kyrgyzali
2018-04-09 15:49:57
Чек араны жабыш керек ХХХХХХ ХХХХХХХ
+2
admin_media
2018-04-09 15:57:38
kyrgyzali, kolyn, Ask094,
Эскертүү!
Улуттар арасында түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга, провокация жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
-9
dobrajelatel
2018-04-09 17:11:55
Ф.М. аттуу жаран окуя болгон учурда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында болуп Мамай айылына бара жаткан.- бул деген кордук да. Озбекстандын чек арачысы КРнын аймагындагы жаранды атат деген не деген шумдук.

+5
abusait
2018-04-09 23:10:50
Атамбаевди жаман дейбиз.Бирок бир жагы озбек тарап менен мамилени узгондугу туура эле болгон экен. Каримов менен тен тайлаша айтышкан дагы Атамбаев болгон.
-2
aerforce
2018-04-09 23:11:24
ХХХХХХХХХХХ кеткен нота симфония болуп кеттиго чамасы
-2
aiba.8327
2018-04-10 08:33:06
туура чек араны жапкыла ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан