Мамлекеттик резиденциянын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктөрдү менчикке сатууга тыюу салынат
18-июнда ЖКнын
Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин отурумунда “КРнын Президентинин
ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууга алынды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Сунушталып жаткан мыйзам
долбооруна ылайык, мамлекеттик резиденциялардын аймагында жайгашкан жана мурда
менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин сатууга тыюу салынат. Жыйынтыгында
аталган мыйзам долбоору колдоого ээ болду.